Марлен Маматалиев: Матраимов муфтияттын ачылышына азыр чакырса деле бармакмын, маселе жок
RU

Марлен Маматалиев: Матраимов муфтияттын ачылышына азыр чакырса деле бармакмын, маселе жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2023-жылдын август айында Бишкекте Муфтияттын жаңы имаратынын ачылышы коомчулук тарабынан сынга алынган. Анын себеби, Муфтият Райымбек Матраимовдун "Исмаил ата" фондунун каражатына курулганы эле эмес, анын ачылышына бир катар ырчы, блогер жана саясатчы, депутаттардын катышканы болгон эле.

Бул боюнча жай айында блогер Арген (Sigma), ырчы Омар жана тамада, актер Актын Рыскелдиев комментарий берген болчу.

Kaktus.kg редакциясы бул ирет ошол Муфтияттын ачылышына катышкан депутат Марлен Маматалиев менен маек куруп, ал кимдин чакыруусу менен ал жерге барганын айтып берди.

"Бул жерде Муфтияттын Жогорку Кеңештеги атайын өкүлчүлүгү бар. Ак сакал киши, бою узун, баары тааныйт, билет. Ал менин кабинетиме кирип, баракчасын берип: "Мына, жеке Муфтияттын өзүнөн келдим. Сиз келип бериңиз, ушул жерде намаз окуган депутаттар келип бериңиздер, чакырат элем, сөзсүз келип бериңиздер". Мына, Орозо айында Кудайдын астында айтайын, мен чын дилимден билген эмесмин ким болот экенин. Мага ачылышка... Эми, Муфтият ачылып жатса... "Буга чейин Муфтият ачылаарын билген эмес белең?" дешет. Чынымды айтайын, бир жаңылыктан көргөм бирок, мен аны мечит деп ойлогом. Менин оюмча үстү жакта. Ошол жакта мечитке жер берилди деп сүрөтүн көрдүм деп ойлогом. Мен МДБ экенин билген эмесмин", - деди.

Депутат мурунку чогуу иштешкен жетекчилери тууралуу эч качан жаман сөз айтпаганын жана Матраимов тууралуу да жаман айтпайм дейт. Ал Матраимов азыр Муфтияттын ачылышына чакырса, азыр деле мүмкүн бармакмын деп эсептейт.

"Мындай да мен эмнеге жетекчиликтерди баса белгилеп кеттим. Мен иштешип кеткен бир да жетекчиме жаман сөз айтпайм. Эгер өзү деле чалып чакырса анда деле барат элем, маселе жок эле, эгер Муфтият ачылып жатат десе.

Бирок, ошол учурда чын-чынында, мына Кудайдын астында турам, мага аксакал киши келип айтты. Колдон келсе, намаз окуган 2-3 депутатты ала келиңиз деди. Ошол күнү кадимкидей жардамчыларымды алдыга жибергем. Алар "сиздин отура турган жериңиз Нуржигит Кадырбеков депутаттын жанында турат" деди. "Столдун артында аттар жазылуу экен. Ал жакта Масабировдуку жана Жалалидин байкеники. Биздеги жамаатта намаз окуган балдар" деди. Макул, анда мен барам дедим.

Бардым, барып эле, мен мисалы Кадырбековдун келээрин же келбээрин билген жокмун. Барсам, келбей калыптыр. Бирок, Масабировду көрдүм. Ал келди, башка депутаттар келди, анан жана биз айткан Райымбек Матраимов келди. Келип, биз отуруп алгандан кийин келди. Анан, мен кантип...

Мен ал жерден кетип калышым керек беле же эмне кылышым керек эле? Мисалы туура эмес кабыл алам да. Мүмкүн, эгер өзү чакырса деле мүмкүн барат белем. Бул эми башка маселе. Бирок, ошол учурда мен барып калдым. Аны байма-бай айтып, чыгарып жатышат. Мен билем. Бирок, баягыда айттым го, турмушта, адам баласында, өзгөчө эркек балдарда жигитчилик болуш керек. Ооба, кандидат болдум, андан сырткары бир бизнес кылган эмесмин", - деп сөзүн жыйынтыктады депутат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/15904