"Шрек" каймана аты бар баңги тобунун лидери кармалды
RU

"Шрек" каймана аты бар баңги тобунун лидери кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунда эл аралык баңгизат тобунун "Шрек" каймана аттуу лидери кармалды. Бул туурасында УКМКдан билдиришти.

Комитеттин маалыматына караганда, 29-апрелде Ош шаарынын аймагында жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын жараны Я.М.М. кармалып, андан 1 кг салмактагы гашиш алынды. Кармалган жаран УКМКнын тергөө абагына киргизилди.

"Ыкчам маалыматтарга ылайык, Я.М.М. Ош облусунун негизги баңги өндүрүүчүлөрүнүн бири болуп саналат жана ал баңги агымынын көпчүлүк бөлүгүн көзөмөлдөйт. Кылмыштуу иштерин уюшкан кылмыштуу топтордун лидерлеринин колдоосу астында жүргүзүп келген. Мындан тышкары уюшкан кылмыштуу баңги топтордун лидери катары ИИМдин каттоосунда турат. Буга чейин Россия Федерациясынын аймагында героин түрүндөгү наркотикалык каражаттарды сатуу жана сактоо үчүн кылмыш жоопкерчилигине тартылган", - дешет коопсуздук комитеттен.

Жогоруда аталган Я.М.М. аттуу жарандын кылмыштуу иш-аракеттеринен жабыр тарткандар болсо Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине: 0312 660475, 0312 626504, 03222 70009 байланыш номерлери аркылуу кайрылса болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16108