ИИМ Бишкектеги түнкү окуянын хронологиясын жарыялады
RU

ИИМ Бишкектеги түнкү окуянын хронологиясын жарыялады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ички иштер министрлиги 18-майга караган түнү Бишкек шаарында болгон окуялардын хронологиясын жарыялап, ага алып келген жагдай тууралуу маалымат берди.

Окуянын башы

13-майга караган түнү саат 02:00дө Бишкек шаарынын Чыныш-5 кичи районунда жайгашкан тез тамактануучу жайдын жанында белгисиз адамдардын тобу чет элдик студенттердин жолун тосуп, аларга тийишип тамеки сурап, "эмне үчүн бул жерде тамеки чегип жатасыңар" деп коркута баштаган. Бирөө кол көтөрүп баштаганда, чет өлкөлүк жарандар качып, А. Огонбаев көчөсүндө жайгашкан жатаканага жетүүгө үлгүрүшкөн.

Топ балдар чет элдик жарандарды артынан кубалап, жатаканага кирип, ал жакта жашаган чет элдик жарандарга карата күч колдонуп, акча каражаттарын жана буюмдарын ачыктан-ачык тартып алышкан.

Алар ар кайсы бөлмөлөрдүн эшиктерин тээп, кыздар жашаган бөлмөлөргө киргенде жатаканада жашаган чет элдик жарандар чогулуп, келгендерди кетиргенге аракет кылып, ортодо мушташ чыккан. Мушташ жатакананын короосунда болуп, топ балдар качып, бирөө калып калган.

Жатаканада жашаган чет элдик жарандар "Тез жардам" чакырып, таяк жеген жаран ооруканага жеткирилген. Ооруканага түшкөн жаран аты-жөнүн башкача атап, окуянын жагдайлары боюнча түшүндүрмө берген эмес. Ошондой эле арыз жазуудан баш тартып, керектүү медициналык жардамды алып, ооруканадан чыгып кеткен.

ИИМден билдиришкендей, окуянын бардык жагдайлары, чет өлкөлүк жарандарды белгисиз балдар кантип куугунтуктап, жатаканага кирип барганы жана эки тараптын мушташы тышкы көзөмөл камерасына жазылып калган.

Факты боюнча кылмыш иши козголду

Жатаканадагы мушташ фактысы боюнча Свердлов РИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу менен бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.

Анын алкагында 2000-жылы туулган А.М., 1993-жылы туулган А.М., 2002-жылы туулган А.А., 2003-жылы туулган С.Х. аттуу чет өлкөлүк 4 жаран шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Ал эми 2004-жылы туулган Э.А. денесинен жаракат алып, 2003-жылы туулган Х.А. 1250 доллар жана Apple Iphone 15 Pro Max телефонун алдырып жана 2003-жылы туулган А.М. 1550 долларын жана барсеткасын алдырып жибердим деп арыз менен кайрылышкан.

Тергөөнүн жүрүшүндө жатаканада чет элдик жарандарга кол салган төрт адамдын экөө аныкталды, алар:

  • 2006-жылы туулган М.Н.Ж., Кемин районунун тургуну;
  • 2005-жылы туулган Ш.Т.С. Кемин районунун тургуну.

Учурда милиция дагы эки адамды аныктоо боюнча иш алып барууда.

Окуяга нааразы болуп 700дөй адам чогулган

17-майда Инстаграмдагы баракчаларына Бишкек шаарындагы А. Огонбаев көчөсүндөгү жатакананын короосунда болгон массалык уруш тун видеосу тараган. Анда окуянын чыныгы жагдайы түшүндүрүлгөн эмес дешет ИИМден.

Ошол себептен коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, жергиликтүү толкундоолорго алып келген.

13-майдагы мушташка нааразы болгондор 17-май күнү кечинде саат 22:00 чамасында Бишкек шаарынын Курманжан датка көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишине чогулуп, саны 500дөн 700гө жеткен.

Алар Атай Огонбаев көчөсүндөгү жатакананын короосунда мушташуу фактысы боюнча күнөөлүү адамдарга карата укук коргоо органдары тарабынан чара көрүүнү талап кылышкан.

Милиция кызматкерлери тарабынан жеринде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, андан соң чогулгандар тарап кетишкен.

Ички иштер министрлиги эскертет

"Бишкек шаарынын тургундарын жана конокторун жалган маалыматтарга ишенбөөгө, чагымчылдыкка барбоого чакырабыз.

Жалган маалымат таратуу менен алектенген адамдарга коомчулукту адаштырбоону эскертип, болбосо мыйзам чегинде жоопко тартыларын белгилейбиз", - дешти министрликтен.

Белгилесек, 18-майга караган түнү болгон ызы-чуудан 29 адам медициналык жардам сурап кайрылып, анын ичинен 15 адам Шаардык тез жардам ооруканасына жана Улуттук госпиталга жеткирилип, калгандарына жеринде жардам көрсөтүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/16180