Нарында милиция кызматкери практиканттарга ыдык көрсөттү делген окуя териштирилүүдө
30
Нарында райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы практиканттарга ыдык көрсөткөнү айтылды. Бул туурасында блогер Эртай Исаков Facebook`ка жазды.
Ал тергөөнүн адилеттүү болушун кызматкер жумуштан алынышы керек деген пикирин калтырган.
Нарын облустук ички иштер башкармалыгы жогорудагы билдирүү боюнча жооп берди.
"Аталган окуяга байланыштуу ИИМдин Нарын облусу боюнча Ички иликтөө кызматы тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүп жатат. Анын жыйынтыгы менен кошумча маалымат берилет", - дешти башкармалыктан.
Башкы беттеги сүрөт иллюстрациялык.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/17953