Автобус тебелеп кеткен баланын өлүмүнөн кийин бир нече кызматкерге чара көрүлдү
413
Бишкекте автобус тебелеп кеткен жеткинчектин өлүмүнө байланыштуу кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы чыгып, кадрдык чечимдер кабыл алынды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты.
Белгилүү болгондой, кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы боюнча комиссия транспорт комплексинин ишин көзөмөлдөөнү уюштурууда бир катар кемчиликтерди аныктаган. Анын ичинде Транспорт жана жол-транспорт инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директорунун тармакты көзөмөлдөгөн орун басарынын, ошондой эле "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын директорунун ишинде да кемчиликтер болгону белгиленген.Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгында төмөнкүдөй кадрдык чечимдер кабыл алынды:
- Мэрдин орун басары Рамиз Алиевге катуу сөгүш жарыяланды;
- Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директору Улан Бейшенбаевге катуу сөгүш жарыяланды;
- Транспорт жана жол-транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүү департаментинин директорунун орун басары Алмаз Алымбеков ээлеген кызматынан бошотулду;
- "Бишкек шаардык транспорт" муниципалдык ишканасынын директору Талантбек Капаров ээлеген кызматынан бошотулду.
Эске салсак, 13-июлда Жаш Гвардия бульвары менен Рыскулов көчөсүнүн кесилишинен автобустун айдоочусу 10 жашар баланы сүзүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен жеткинчек каза болуп калган. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, айдоочу соттун чечими менен камакка алынган.
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp:
+996 (700) 62 07 60.
url:
https://kaktus.kg/18304
