"Бизди блогер класс дешет". Окутуу ыкмасы менен өзгөчөлөнгөн мугалимдин маеги
RU

"Бизди блогер класс дешет". Окутуу ыкмасы менен өзгөчөлөнгөн мугалимдин маеги

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Башталгыч класстын балдарын окутууда жеңил ыкмаларды колдонуп, окуучулардын тез кабыл алуусунун үстүнөн иштеген мугалим Айнура Усенова Инстаграмда тааныла баштады. Kaktus.kg редакциясы учурдун талабына жараша иш алып барган мугалим менен таанышып кайтты.

Мугалим тууралуу: Усенова Айнура Сапарбековна, 45 жашта. Үй-бүлөлүү, 3 баланын энеси. Учурда Жалал-Абад облусунун Сафаровка айылындагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы мектеп-комплексинде башталгыч класстын мугалими болуп эмгектенет. Андан тышкары 6-класс, 10-11-класстын окуучуларына географиядан сабак берет. Жалпы иш тажрыйбасы 12 жыл.

Айнура Усенова 1998-жылы колледжге башталгыч класстын мугалими адистигине тапшырып, андан кийин Жалал-Абад мамлекеттик университинде география багыты боюнча билимин уланткан.

Эмгек жолун 2000-жылы баштап, 1 жылдан кийин башталгыч класстын мугалими болгон. Балдарга сабак өтүүдө кызыктуу жана заманбап ыкмаларды колдонууга аракет кылам деген мугалим ортодо бир нече жыл тыныгуу алып, кайра кесиби боюнча ишин уланткан.

"Мурдагы окуучуларга караганда азыркы окуучулардын айырмасы бар. Технологиянын өнүккөн заманында балдар жеңил окутууну каалашат.

Негизги максатым - жөн гана кулак салып угуп отурган окуучуну эмес, сабакка активдүү катышкан баланы тарбиялоо. Ошондуктан оюн түрүндө үйрөтүү ыкмасын тандагам. Себеби азыркы балдар кыймыл-аракет аркылуу тез кабыл алышат", - дейт.

Айнура Усенова окутуунун жеңил ыкмаларын көбүнчөсү жаштардан үйрөнөрүн айтат. Ал эми сандарды бөлүп, көбөйтүүнүн, кошуп, кемитүүнүн лайфхактарын Россияда жүргөндө өздөштүрүп келген.

"Чет жакта эмгектенип жүргөндө пенсиядагы мугалим балдарыма репетитор болгон. Ошол мугалимдин методикалары абдан жагып калып, учурда иш тажрыйбамда колдонуп жүрөм. Муну кесиптештериме гана жайылтпастан башкаларга Инстаграм аркылуу да үйрөтүп жатам. Интернетке сабак учурундагы видеолор менен бөлүшүп турам. Окуучуларымдын ата-энелери аябай түшүнктүү, баардыгы колдоп, мактап турушат."

Эжейдин Инстаграм баракчасында 9 санын бөлүү, көбөйтүүнүн жеңил ыкмасы көп көрүлгөн.

"Мен бөлүүнүн, көбөйтүүнүн ыкмасын социалдык баракчама чыгарганда азыркы жаш ата-энелерге ушундай ыкма аябай керек экенин билдим. Алардын жазган комментарийлери мага ыкмаларымды видеого тартып чыгарууга себеп болду. Азыр жазылган комментарийлердин баарын ээринбей окуп чыгам. Бул жакшы экен, өзүңдүн үстүңдөн иштөөгө түрткү болуп, шык берет экен. Мен жазылган пикирлерге карап видео чыгарып турам.

Видеолорду практиканттар тартат. Алар жокто окуучуларым өздөрү тартышат. Бизди мектеп боюнча "блогер класс" дешет. Балдарым ал сөз менен сыймыктанышат", - дейт.

Айнура Усенова окуткан кыздар, балдар быйыл 2-классты аяктап жатат. Класста жалпысынан 23 окуучу билим алат. Окуучулардын баары активдүү жана жакшы окушат экен.

"Окуучуларым активдүүлүгү, окуудагы жетишкендиктери менен айырмаланып турат. Артта калган бир дагы окуучум жок. Мен ар бир баланын мүмкүнчүлүгүн эске алам, себеби айрымдары кеч, кээ бирлери бачым эле кабыл алат. Окутуу ыкмам - жеңилден татаалга карай".

Сабактар оюн менен коштолгондо кээде балдар берилип, танаписти өткөрүп жиберишет. Дээрлик баардык убактысын балдардын билим алуусуна арнаган мугалим дайыма изденип, китептерди көп окуп, ар бир сабакка оюндарды даярдап келет.

"Оюн аркылуу сабак өткөндө структураны сактайбыз. Азыр 5Е модели боюнча иштейбиз. Ага ылайык, биринчи эле балдардын көңүлдөрүн көтөрүп, шыктандырып, андан кийин сабак өтөбүз. Сабакты оюн түрүндө өткөндө кээде берилип кетип, тыныгуу болгонун да билбей калабыз.

Убактымдын, энергиямдын баарын билим берүүгө арнайм. Кээде балдарым "бизге караганда окуучуларыңызды жакшы көрөсүз" деп калышат. Кесибимди аябай жакшы көргөндүгүмдөнбү, мектепке сүйүнүү менен келем. Окуучуларым мектептин босогосунда күтүп турушат, кучактап тосуп алышат. Ушул нерсе күндө кайталанат. Мен балдардан энергия алам", - дейт Усенова.

Мугалим 12 жылдык билим берүү моделине өтүүнү туура деп эсептейт. Мектеп жетекчилиги да бул жаңычылдыкты колдоп, бардык мугалимдерди бат-баттан окууга жиберип турарын айтат. Ошондой эле мугалимдердин айлык-маянасы көбөйгөнү иштин майын чыгарып иштөөгө түрткү болуп жатканын кошумчалады.

Ал эми мектеп директору Нургуль Сулайманова мугалимдин ар бир сабагы шаңдуу, өзгөчө экенин баса белгиледи.

"Айнура Усенованын усулдары 12 жылдык билим берүү платформасына ылайыктуу десем жаңылышпайм. Ар бир күнкү сабактары өзгөчө, майрамга айлантат. Дайыма изденет. Окуучулары да жигердүү. Өтүп кеткен окуу жылында Айнура Усенованы "Жылдын мыкты мугалими" райондук сынагына жөнөткөнбүз, 146 мугалимдин ичинен 2-орунду алып келди", - дейт директор.

Белгилесек, Ж.Бөкөнбаев атындагы мектеп-комплексинде учурда 606 окуучу билим алат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/17877