"Чекит коёлу". Президент инвесторлорго жер берүү боюнча нааразычылыктарга жооп берди
Президент Садыр Жапаров жер маселеси, тышкы карыз, чет өлкөлүк туристтер жана энергетика боюнча коомчулуктун талкууларына жооп берди. Ал социалдык тармактагы баракчасына билдирүү калтырып, узак мөөнөткө ижарага бериле турган жерлер боюнча тактоо жасады.
Айтымында, 2020-жылга чейин Кыргызстандын жалпы аянты 199,9 миң чарчы чакырым (19 миллион 994 миң гектар) болгон. Кошуналар менен чек араны такташкандан кийин жер 15 миң 572 гектарга кеңейип, өлкөнүн жалпы аянты 20 миллион 9 миң 572 гектарды түздү. Анын 94,4 пайызы тоолуу аймактар.
Өлкөдө жалпы 6 миллион 732 миң гектар айыл чарба жери бар. Анын 1 миллион 82 миң гектарын эл жеке менчикте айыл чарба багытында пайдаланат. Жалпы республика боюнча ар кандай багыттагы 18 миллион 698 миң гектар жер мамлекеттик жана муниципалдык менчикте турат. Анын 18 миллион 639 миң гектары мамлекеттик, 59 миң гектары муниципалдык менчиктеги жерлер.
"Бүгүн инвестициялык долбоорлор үчүн 1992-жылдан берки мыйзамдын алкагында пайдаланууга берилген жерлердин жалпы аянты өлкөбүздүн аймагынын 0,1 пайызынан ашпайт! 1 пайыз дагы эмес, 0,1 пайыздан ашпайт. Ошондуктан кара пиар жасап, элди дүрбөлөңгө салбагыла. Биз жерлерибизди сатпайбыз. Бирок инвестициясыз мамлекетти өнүктүрө албайбыз. Мына ушуну эстен чыгарбагыла!", - дейт президент.
Жапаров ижарага берилген жерлерге завод-фабрикалар, логистикалык борборлор, энергетикалык объектилер, туристтик комплекстер жана башка өндүрүш ишканалары курулуш керек болчу деп белгиледи.
"Бирок башка багытка пайдаланып кетишкен. Жерлерди 49 жылга ижарага алып алышып, бүгүнкү күнгө чейин эч нерсе курбай пайдалануу укугун колдон колго сатып же жерди башка багытка буруп колдонгондор көп болуп чыкканын акыркы беш жылда аныктадык", - деди.
Бул нерсени жөнгө салуу үчүн мыйзамды кайра карап чыгуу сунушталып жатканын кошумчалады. Ага ылайык:
- жерди кайсы багытка алса ошол багытта колдонуу;
- 49 жылга алган жерди 36 жыл бою эч нерсе курбастан кармап жатпасын же экинчи жактарга сатпоо;
- инвестор өзүнө алган милдеттенмелерин тез аткарып, белгиленген мөөнөттө объектти куруп, инвестиция салып, жумуш орундарын түзүүгө милдеттүү;
- милдеттенме аткарылбаса, келишимди токтотуп, жерди мамлекетке кайтарып, башка инвесторго берүү.
Садыр Жапаров кошумчалагандай, Кыргызстанга капитал, технология, өндүрүш жана жумуш орундарын алып келген инвесторлорго эшигибиз ачык болушу керек. Айтымында, Кыргызстандын бир сантиметр дагы жери башка мамлекетке өтпөйт.
"Ошондуктан бул маселеде элдин сезими менен ойноп, ар бир инвестициялык долбоорду "жер сатылып жатат" деп манипуляция кылууну токтоткула! Ушул жерден бул маселе боюнча чекит коёлу. Бизге бүгүн куру дүрбөлөң эмес, заводдор, жумуш орундары, инвестиция жана күчтүү экономика керек", - деди.
