Мыйзам бузган 450 чет элдик жаран Кыргызстандан чыгарылды
RU

Мыйзам бузган 450 чет элдик жаран Кыргызстандан чыгарылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн 450дөн ашуун чет өлкөлүк жаран Кыргызстандын аймагынан чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББден кабарлашып, канча убакыт аралыгындагы көрсөткүч экенин тактаган жок.

Белгилүү болгондой, депортацияланган жарандардан тышкары, 7900дөн ашуун чет өлкөлүк жаран административдик жоопкерчиликке тартылып, аларга жалпы суммасы 65 миллион сомдон ашык айып пул салынган. 39 адам кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартылган.

Ошондой эле чет өлкөлүк жарандарды ишке тартуу менен алектенген бир катар уюмдарга Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын талаптарын бузгандыгы үчүн административдик чаралар көрүлүп, тиешелүү айып пулдар салынган.

Башкармалыктан белгилешкендей, Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы тарабынан туруктуу негизде алдын алуу жана түшүндүрүү иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18346