Таласта ипотекалык батирлердин ачкычтары тапшырылды
RU

Таласта ипотекалык батирлердин ачкычтары тапшырылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Талас шаарында Мамлекеттик ипотекалык компания курган көп кабаттуу турак жай пайдаланууга берилди. Батирлердин ачкычтарын тапшырууга Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев катышты.

"Тынчтык Ордо" турак жай комплексинин ишке киргизилиши мамлекеттик саясаттын айкын натыйжасы. Бул турак жай комплекси тынчтыктын, бакубатчылыктын жана үй-бүлөлүк бакыттын чыныгы символуна айлансын", - деп куттуктады Касымалиев.

Министрлер кабинетинин төрагасы турак жай курулушун өнүктүрүү мындан ары борбор калаа жана ири шаарлар менен гана чектелбестен, өлкөнүн бардык аймактарына жайылып, аймактардын комплекстүү өнүгүүсүнө гана эмес, ошондой эле тең салмактуу ички урбанизацияга да өбөлгө түзөрүн кошумчалады.

"Тынчтык Ордо" турак жай комплекси 11 блок, анда 319 батир бар.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18348