Таласта 165 млн сомго курулган парк ачылды
RU

Таласта 165 млн сомго курулган парк ачылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Талас шаарында борбордук сейил бактын ачылышы болду. Иш-чарага Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев да катышты.

Сейил бактын курулушуна бюджеттен 165 миллион сом бөлүнгөн. Парктын аймагында заманбап аттракциондор, жашыл зоналар жана жарыктандырылган аллеялар орнотулган.

Адылбек Касымалиевдин айтымында, мамлекет Таласты өнүктүрүүгө 6,5 миллиард сом инвестиция салган. Учурда шаарда социалдык жана инфраструктуралык долбоорлор ишке ашырылууда.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18350