Өлкө боюнча 25 миңден ашык мугалим окуудан өтөт
RU

Өлкө боюнча 25 миңден ашык мугалим окуудан өтөт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2026–2027-окуу жылына даярдык көрүүнүн алкагында республика боюнча 25 429 мугалим окутулат. Агартуу министрлиги кабарлагандай, окутуулар башталгыч билим берүү, математика жана табигый илимдер багыты боюнча жүргүзүлөт.

Маалым болгондой, мугалимдерди окутуу үчүн 455 улуттук усулчу (методист) даярдалат. Усулчулардын ичинен 334ү кыргыз тилдүү, 121и орус тилдүү адистерди түзөт.

Мугалимдерди даярдоо боюнча окутуулар 4-августтан 11-сентябрга чейин республика боюнча өткөрүлөт. Алгач 455 усулчу (методист) Бишкек жана Ош шаарларында атайын окуудан өтүп, андан соң аймактарда мугалимдер үчүн окутууларды жүргүзүшөт.

Аталган окутуу үчүн модулдар Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту, Кыргыз билим берүү академиясы жана "Окуу китеби" басма үйү мамлекеттик мекемеси тарабынан иштелип чыккан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/18381