Лаззат Нуркожоева: Садыр атам менин бул сынакка катышканымды билген эмес
RU

Лаззат Нуркожоева: Садыр атам менин бул сынакка катышканымды билген эмес

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Miss Kyrgyzstan - 2020 сынагынын жеңүүчүсү Лаззат Нуркожоева, президенттикке талапкер Садыр Жапаров анын сулуулар сынагына катышып жатканын билген эмес, деп билдирди. Ал бул тууралуу Super.kg порталына айткан.

Эске салсак, декабрдын соңунда, Садыр Жапаровдун карындашы, 20 жаштагы модель Лаззат Нуркожоева "Мисс Кыргызстан - 2020" сынагын жеңип чыккан. Баш байгеге BMW X5 коюлган болчу.

"Садыр атам менин бул сынакка катышканымды билген эмес. Бул сынакка кастинг сентябрь айында башталган. Ал учурда баары билгендей эле Садыр атам абакта болчу. Ал октябрь айында чыкты, ал учурда сынактын жарымына жетип калганбыз. Ал мен жеңип алгандан кийин гана билди. Бул жерде мен утам деп деле ойлогон эмесмин. Жогоруда айткандай, жарым финалга келип калгандан кийин катышууну туура көрдүм. Азыр туугандарыбыздын баары сыймыктанып жатышат. Сынак болуп жаткан күнү атам (Давлет Жапаров) деле көрбөй эле уктап калыптыр, наам аларымды алар деле күткөн эмес", - дейт Лаззат.

Интервьюнун жүрүшүндө, модель өзүнүн келечекке болгон пландары тууралуу да бөлүшкөн.

"Мен 20 жаштамын. Учурда Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясында 2-курста окуйм. Келечектеги юристмин. Ысык-Көл облусуна караштуу Каракол шаарында төрөлгөм, орто мектепти Балыкчыда окугам. Ал эми сынакка катышып калуумдун себеби - ар бир эле кыздын кыялы болсо керек, кичинемден эле мен ханыша болом деп кыялданчумун. Ошентип жүрүп 2016-жылы "Бишкек сулуусу" сынагына катышкам, анда моделдердин ТОП-10дугуна кирип, "ТОП модель Бишкек - 2016" наамын алгам. Ошол күндөн тарта мен өзүмө ишенип, конкреттүү түрдө бир сынакка катышып анын жеңүүчүсү болом деп максат койгом. Бирок дал ушул 2020-жылы утуп алам деп ойлогон эмесмин. Ушул учурга дал келип калды окшойт", - деп кошумчалаган.

Лаззат Нуркожоева тхэквондо менен машыгат, анын айтымында үчүнчү классынан бери машыгып келет.

"Алдыда спорт менен моделдик жаатты дагы алып кетсем дейм. Ошондой эле "Аалам периси" сынагына катышсам деген максатым жана өз кесибим менен дагы иштесем деген пландарым бар. Спорттон сулуулук тармагына кызыгуум аркылуу эле келип калдым десем болот, атайын деле эч кимден сунуш түшкөн эмес", - деп Лаззат Нуркожоева сөзүн жыйынтыктаган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/304