Илья Варламов кыргыздарды сөккөн РФтин саясатчыларына: Биринчи өзүңөрдү карап алгылачы
RU

Илья Варламов кыргыздарды сөккөн РФтин саясатчыларына: Биринчи өзүңөрдү карап алгылачы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиялык блогер Илья Варламов россиялык чиновниктерге ксенофобия жана рассизм үчүн сын пикирин айтты. Ал жеке пикирин Twitter'ге жарыялаган.

Анын ою боюнча, россияда орус улутундагыларга карата агрессияны ар дайым саясий өңүттө колдонуп калууга умтулушат. Мындайда орус аткаминерлер башка улуттун өкүлдөрүн кемсинтет.

"Элдер көзү кыйгач болгону үчун эле ижарага батир ала алышпайт. "Славян улутундагыларга эле батир берилет" - деген жарнама расизм эмей эмне? Ошол расизм Москвада башкача өрчүгөн. Бул шаарда чындап эле көздүн бүтүгүнө, өңүнүн актыгына карашат. Ошондуктан, бирөө жарым Казакстан же Кыргызстанда орус кишини таарынтыптыр деп кыйкырып чыккандан мурун, биз өзүбүз аларга кандай мамиле кылып жатканыбызды ойлогула. Бул кишилер кайра өз мекенине кайтып орустарды көргөндө кандай сезимде калышат? Россия бардык улуттарга жакшы мамиле кылса, ксенофобия жана рассизм жок болмок беле?", - деп Варламов интернет колдонуучуларга кайрылды.

Шайлоонун алдында саясий манипуляцияларга алдырбагыла, деп блоггер кеңеш берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/3082