Казакстан да Кыргызстанга электрэнергиясын экспорттоону токтотобу?
RU

Казакстан да Кыргызстанга электрэнергиясын экспорттоону токтотобу?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Казакстан да Өзбекстан менен Түркмөнстанга окшоп Кыргызстанга электрэнегриясын экспорттоону токтотобу?

Казакстандык "Курсив" басылмасы жазган маалыматка ылайык, өлкөнүн өздүк генерациясы 2022-жылдын кыш айларына жетишсиз.

KEGOC системалык оператордун божомолдоолору боюнча быйыл күз-кыш айларында Казакстандык энергетика системасын керектөө 8%га өскөн. Өлкө өзү 16 540 МВт иштеп чыкканына карабастан 17 тыс. МВт чейин колдонот. Жетпегенин Россиядан импорттоп алат.

Ушул жылдын күз айлары башталаары менен веердик өчүрүүлөр киргизилген. Негизги себеби экөө: авариялык өчүрүүлөр жана ашыкча колдонуу.

Басылма белгилегендей, кризистен чыгуунун үч жолу бар: керектөөнү төмөндөтүү, электрэнергиясын иштеп чыгууну жогорулатуу жана импорттоо. Булардын бардыгы учурда колдонулууда.

Ноябрдын башынан бери Казакстан Россиядан электрэнергиясын тез арада сатып ала баштаган. Биринчи соодалашуу 5 жана 12 ноябрда өткөн. Бирок мамлекет аралык макулдашуу кандай шарттар менен кабыл алынганын бийлик ачыктаган жок.

Кыргызстандын энергетика министрлиги Казакстандан электрэнергиясын Кыргызстанга экспорттоо токтотулат деген маалыматты тастыктаган жок, бирок жокко да чыгарган жок. Ведомоствонун басма сөз кызматы министр Доскул Бекмурзаевдин Өзбекстандагы иш сапарынан кайтып келүүсүн күтө турууну суранды. Ташкентке Бекмурзаев электрэнергиясын берүүнү кайрадан жандандыруу маселесин талкуу үчүн жөнөп кеткен, деп энергетика министрлиги kaktus.media редакциясына билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4398