"Көп эле төлөйбүз, бирок үй суук". Бишкектин тургуну жылуулуктун жоктугуна арызданды
RU

"Көп эле төлөйбүз, бирок үй суук". Бишкектин тургуну жылуулуктун жоктугуна арызданды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Kaktus.media редакциясына Бишкектин тургуну кайрылып, алардын үйүндө жылуулуктун жоктугуна арызданды.

Анын айтымында, ал "Ихлас" компаниясы салган көп кабаттуу үйдө жашайт. Үй Ахунбаев менен Бакаев (мурунку Чапаев) көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан.

Үй 2016-жылы эксплуатацияга берилип, кийинки жылы борбордук жылуулук түйүнүнө кошулган. Тилекке каршы, жыл сайын үйдүн тургундары жылуулуктун жоктугунан үшүп чыгышат.

"Үч жылдан бери ушул көрүнүш кайталанып келет. Үйдүн ичи болуп көрбөгөндөй суук. Барыбыз ооруйбуз. Ай сайын жылуулукка 1 134 сом төлөйбүз, бирок үйүбүз муздак бойдон", - дейт жашоочу.

Анын айтымында, кошуналар көп ирет "Бишкектеплосеть" компаниясына кайрылышкан. Көпчүлүк алардын кызматынан баш тартып, электржылыткычтарын колдонушат.

"Бишкектеплосеть" Kaktus.media редакциясына байланышып, бул үй алардын абоненти эмес экенин билдирди. Бул объект "Бишкектеплоэнерго" компаниясына карайт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4403