Жогорку Кеңеш президенттин сунушуна макул болбой атып, араң көндү
RU

Жогорку Кеңеш президенттин сунушуна макул болбой атып, араң көндү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңешке кайрылып, Жогорку соттун судьясы Дильфуза Боронбаеваны кызматтан алып салууну суранган. Бул тууралуу 22-декабрда парламенттин жыйынында президенттин ЖКдагы өкүлү Алмазбек Абышев айткан.

Анын айтымында, Судьялар кеңеши Боронбаеваны кылмыш жоопкерчилигине тартуу сунушун жөнөткөн.

Добуш берүүнүн жыйынтыгында депутаттар макулдугун беришкен жок: 58 киши макул болуп, 9у каршы чыкты.

Абышек токтомдун долбоорун экинчи жолу добушка чыгарууну суранып, бул Конституциянын талабы экенин белгиледи.

Бирок экинчи, үчүнчү жолу да Жогорку Кеңеш Садыр Жапаровго макулдугун берген жок. 59 киши макул болуп, 12 киши каршы чыкты. Токтом кабыл алынган болуп саналат 61 добуштан көбүрөөк чогултканда гана.

Бир канча убакыттан кийин Абышов кайрадан добуш берүүнү суранды. Төртүнчу жолку аракеттен кийин депутаттардын 63ү макулдугун берип, 9 каршы чыгып Боронбаеваны кызматынан алышты.

Эске салсак, УКМКнын маалыматы боюнча Боронбаева мыйзамсыз байыган деп шектелүүдө. Берилген маалыматка ылайык, ал 20дан ашык элиталык кыймылсыз мүлк анын ичинде Ысык-Көлдөгү абройлуу пансионаттардан сатып алган. Андан тышкары люкс калсстагы унаалары да бар.

Дильфуза Боронбаева жана анын жакын тууганджары Араб эмираттыгына, Түркияга, Азия жана Европа мамлекеттерине, АКШга эс алып барып келишкен. Булардын бардыгы олутуу финансылык чыгашаларды талап кылат. Мунун бардыгы мыйзамсыз кирешеси бар экенин күбөлөндүрүп турат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4885