Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Бактыбек Калмаматов УКМКнын СИЗОсуна жеткирилди
RU

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Бактыбек Калмаматов УКМКнын СИЗОсуна жеткирилди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Бактыбек Калмаматов УКМКнын СИЗОсуна жеткирилди. Бул тууралуу Kaktus.kg'ге Калмаматовдун адвокаты Айым Камчыбекова билдирди.

https://kaktus.kg/doc/4872_advokat:_kalmamatov_kichi_ajylykka_keldibekov_menen_ychyp_ketti.html

Анын айтымында, Калмаматовго айыбы айтылып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына алып кетишкен.

"Эмне болгон кылмыш иш экенин так билбейм, бирок регион аралык кастыкка байланыштуу бир нерсе окшойт. Ошол эле маалда эмне болгон видео же кайсы жерде айтылган сөз экени белгисиз", - дейт Камчыбекова.

Белгилей кетчү жагдай, Бактыбек Калмаматовдун өткөн түнү аэропорттон кичи хаджга кетип бараткан жеринен кармап кетишкен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/4875