Депутаттар Жогорку Кеңештин вице-спикерлерин беките алышкан жок
RU

Депутаттар Жогорку Кеңештин вице-спикерлерин беките алышкан жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңеште вице-спикерлердин санын экиден төрт кишиге чейин көбөйтүүнү чечишкен. Бул тууралуу бүгүн, 30-декабрда парламенттин жыйынында белгилүү болду.

Жумушчу комиссиянын төрагасы Султанбай Айжигитов депутаттар үч вице-спикерди бектүүнү сунушташкан, бирк комиссия вице-спикерден төртөө болуш керектигин билдирген.

Ошондой эле, Жогорку Кеңештин структурасы боюнча үч вариант сунушталыптыр: төрт же жети комитети уюштурууну же мурункудай эле тогуз комитетти калтыруу керек деп сунушталды. Жумушчу комиссия жети комитет жетиштүу деп чечкен:

  • Эл аралык иштер, коргонуу жана коопсуздук боюнча комитет;
  • Жылытуу энергетикалык комплекс, жер кенин колдонуу, өндүрүш саясаты жана экология комитети;
  • Конституциялык мыйзам чыгаруу, мамлекеттик түзүлүш, соттук-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитет;
  • Финансы, экономика саясаты жана бюджет боюнча комитет;
  • Социалдык саясат боюнча комитет;
  • Тартип, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы иш алып баруу боюнча комитет;
  • Транспорт, коммуникациялар, архитектура, курулуш жана агрардык саясат боюнча комитет.

"Каршы пикирлер жаралган жок, жумушчу топтун комиссиялары бул структураны жактырышты", - деп Айжигитов белгиледи.

Адахан Мадумаров маданият, жердин кенин колдонуу жана жылытуу энеркетикалык комплексти ажыратып, эмгек жана миграциялык саясат боюнча комитетти түзүп 12 комитетти түзүүнү сунуштады. Анын ою боюнча эки вице-спикер жетиштүү болот.

Балбак Түлөбаев экология маселелери боюнча өзүнчо комитет түзүүнү сунуштады.

Надира Нарматова гендер маселеси боюнча комитет керектигин белгиледи.

Депутаттардын бири эмне үчүн 90 кишиге чейин кыскартылган парламентте вице-спикерлердин саны эки эсеге көбөйүп жатат деген суроону узатты.

Комиссянын мүчөсү Алтынбек Сулайманов бул маселе боюнча көптөгөн талаш-тартыштар болгонун бегилеп, бир мандат менен шайланган депутаттар аларга эки квота берүүнү талап кылып жатканын билдирди.

Талкуунун соңунда Жогорку Кеңеш комиссиянын сунушуна макул болгон жок. Тыныгуу жарыяланып, андан кийин депутаттарга парламенттин башка структурасы сунушталмак.

Түштөн кийин саат 14:45те спикер Талант Мамытов жумушчу топ дагы деле иштеп жатканын айтты. Ал жыйынды жыйынтыктап, кийинки сессияга кышкы каникулдан кийин, 12 январда чогулууну сунуштады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5001