Дайынсыз жоголгон аялдын жансыз денеси табылды
RU

Дайынсыз жоголгон аялдын жансыз денеси табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Дээрлик бир жума мурун дайынсыз жоголгон аялдын жансыз денеси табылды.

ӨКМ басма сөз кызматы билдиргендей, 12-январь күнү Ош районунун Гүлчө айылынын 71 жаштагы У.Б аттуу тургуну үйүнөн чыгып кетип, дайынсыз болуп жаткандыгы тууралуу билдирүү түшкөн.

Жергиликтүү тургундардын өз алдынча издөө иштеринин натыйжасында Гүлчө дарыясынын жээгинен аялдын кийимдери табылган.

Бүгүн, 18-январда саат 11:10до дайынсыз жоголгон аялдын жансыз денеси табылды.

Алай районунун 4 куткаруучусу, Ички иштер министрлигинин 15 кызматкери жана үч тууганы издөө иштерине тартылган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5206