Алина Абдумомунова дайынсыз жоголууда. Ал азыр жоолукчан болушу да мүмкүн
RU

Алина Абдумомунова дайынсыз жоголууда. Ал азыр жоолукчан болушу да мүмкүн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Милиция дайынсыз жоголгон Алина Абдумомунованы издеп жатат. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Белгиленгендей, Ноокен районунун Алма айылынын 1996-жылы туулган Абдумомунова Алина Эмилбековна 6-январь күнү саат 08:30дар чамасында үйдөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес.

Белгилери: бою 165-170 см, көзү, кашы, чачы кара, азыр балким жоолукчан.

Кийген кийимдери: көк түстөгү баш кийим, шарф, сары куртка, кара шым.

Абдумомунова Алина тууралуу маалыматы барлар 102, 03734 5 05 44, 0555 00 31 00, 0771 46 04 61 номурларына кайрылып коюуну суранабыз.

Ички иштер башкармалыгы, балким, азыр Алина жоолукчан (оронуп алган) жүргөнүн белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/5114