"Мен сөзүмө, убадама турдум!" Камчыбек Ташиев Садыр Жапаровду президент кылдым деди
RU

"Мен сөзүмө, убадама турдум!" Камчыбек Ташиев Садыр Жапаровду президент кылдым деди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташиев Садыр Жапаровдун президент болушуна өзүнун ролу чон экенин эскертти. Ал бул тууралуу Facebook баракчасына жазды.

Ташиев: "Урматтуу Кыргыз элим! Туптуура 4 ай 14 күн алдын борбордук аянтта таңга маал "Садырды Президент кылабыз", - деп жарыялаган экенмин. Мен сөзүмө, убадама турдум! Рахмат элиме,рахмат силерге!", - деп жазды.

Камчыбек Ташиев менен Садыр Жапаров мурдатан бери тарапташтар болуп келишет. Алар 2010-жылы Жогорку Кеңешке "Ата-Журт" партиясы аркылуу келишкен. 2012-жылы Ак үйдүн заборунан секирип түшүү аракети үчүн жана "Кумтөрдү" улутташтыруу митингдери үчүн камакка алынышкан. 2020-жылы экөө биргеликте "Мекенчил" партиясын негиздеп, парламенттик шайлоого Ташиев жана Жапаровдун туугандары аттанышкан. Анткени ал кезде Садыр Жапаров камакта отурган болчу.

Садыр Жапаров бийликке келгенден кийин Камчыбек Ташиев УКМКнын жетекчиси болуп дайындалды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/523