УКМК Алексей Ширшовдун бошотулушу боюнча түшүндүрмө берди
RU

УКМК Алексей Ширшовдун бошотулушу боюнча түшүндүрмө берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 10-майда болжол менен түнкү саат 01:30да Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин басма сөз бөлүмү "Дастан" ишканасынын мурунку башчысы Алексей Ширшовдун камалышы боюнча билдирүү тараткан болчу. Ал өзгөчө оор "Коррупция" беренеси менен айыпталган. Бирок бир күнгө жетпей, болжол менен саат 22:00до, Ширшовду жашыруун Бишкектин Биринчи май райондук сотуна алып келишкен.

Ал кезде Ширшов үй камагына чыга турганы коомчулукка белгилүү болуп калган.

УКМКнын тергөөчүсү Ширшовду УКМКнын СИЗОсуна эмес, үй камагына чыгаруу өтүнүчү менен кайрылып, Биринчи май райондук соттун судьясы Нурдин Ибраимов УКМКнын тергөөчүсүнүн өтүнүчүн канаатандырган.

УКМКнын пресс-борборунун жетекчиси Азамат Тентимишев, эмне себептен тергөөчү мындай өтүнүч менен сотко кайрылганын билбей турганын Kaktus.kg'ге билдирди.

"Тергөө кызматы бизге расмий маалымат бере элек, ошондуктан азырынча эч кандай комментарий бере албайбыз", - деди Тентимишев.

"Тергөө сыры деген түшүнүк бар, демек ошого себептер болгон", - деп УКМКнын пресс-борборунун жетекчиси сөзүн жыйынтыктады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6633