Жанар Акаев: Коррупция менен күрөш ушулбу?
RU

Жанар Акаев: Коррупция менен күрөш ушулбу?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутат Жанар Акаев Алексей Ширшовдун тез эле бошотулушуна нааразычылыгын биллдирди.

Бүгүн, 11-майда Жогорку Кеңеште өткөн жыйында, Ширшов деген фамилия коррупциялык схемалардын синоними болуп калганын айтты.

"Ошол киши интерполдун издөөсүндө жүргөнүнө карабастан, Кыргызстандын күч органдары тарабынан издөөдө жүргөнүнө карабастан өлкөгө кенен-кесир кирип-чыгып жүргөн. 28-апрелде чек-ара кызматына суроо-талап жөнөткөм. Ширшов Кыргызстанга акыркы бир жылда канча жолу кирип чыкты, эмне үчун каалашынча кирип жүрөт, эмне үчун суракка чакырылган жок, деген суроо менен. Азыркы күнгө чейин жооп жок.

Энергетикалык тармакта коррупциялык схеманын түзүүчүсү жарым суткага кармалып, кайра кое берилди. Коррупция менен күрөш ушулбу? Ширшовдун схемалары Кыргызстанда кайрадан иштеп баштадыбы? Эмне үчүн бийлик, күч органдары катуу туруп, элдин суроо-талабын укпайт?", - деди депутат.

Анын айтымында, Чек-ара кызматы маалыматты жашырууда. Бул коррупция менен күрөшко көлөкөсүн түшүрүүдө, деп депутат сөзүн жыйынтыктады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6630