Эдил Байсалов: Бакыт Асанбаев өз жанын кыйганын видеотасмалардан көрдүк
RU

Эдил Байсалов: Бакыт Асанбаев өз жанын кыйганын видеотасмалардан көрдүк

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов "Айыл банктын" төрагасынын орун басары Бакыт Асанбаев өз жанын кыйган дейт. Бул тууралуу ал журналисттерге УКМКнын СИЗОсуна барганда билдирди.

Анын айтымында, соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлүп, эки жуманын ичинде корутундусу даяр болот.

Байсалов өзү тергөө абагында жайгашкан байкоочу камералардагы видеону карап чыкканын айтты.

"Бүгүн биз төртүнчү жолу комиссиянын отурумуна чогулабыз. Учурда Аскер прокуратурасы тарабынан иликтөө жүрүп жатат. Президент түзгөн комиссияда Марат Казакпаевдин үй-бүлө мүчөлөрү Асанбаевдин эки бир тууганы, анын аялы, дагы бар.

Кечээ биз видеолоду көрүп чыктык. Ал камерада жалгыз болгон. Ал жерде анын көлөкөсүнөн кантип өз жанын кыйганын көрүүгө болот. Муну үй-бүлө мүчөлөрү да текшеришти.

Бул окуяда чоң кемчиликтер болгон, бирок эч кандай адам өлтүрүү болгон эмес. Медициналык экспертизанын жыйынтыгын күтүп жатабыз", - деди Байсалов Асанбаевдин өлүмүнө комментарий берип жатып.

Ал эми Казакпаевдин өлүмү боюнча анын үй-бүлөсү ооруп, көп дары ичкенин тастыктады.

Эске салсак, УКМКнын СИЗОсунда коррупцияга шектелип кармалган "Айыл Банк" ААКтын төрагасынын мурдагы орун басары Бакыт Асанбаев асынып алган жеринен табылган. Анын жакындары асынып алганына ишенбейт. Алардын айтымында, бир-эки күндөн кийин ал СИЗОдон чыгышы керек болчу.

Марат Казакбаев шаардык ооруканада комадан чыкпай каза болду.

Бул эки факты боюнча комиссия түзүлгөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7216