Атамбаев Ташиевге ыраазычылыгын билдирип, Асанбаев менен Казакпаевдин өлүмү тууралуу айтты
RU

Атамбаев Ташиевге ыраазычылыгын билдирип, Асанбаев менен Казакпаевдин өлүмү тууралуу айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Мурунку президент Алмазбек Атамбаев журналист Лейла Саралаева менен маек куруп, Камчыбек Ташиев ага жардам бергиси келгенин жана Бакыт Асанбаев менен Марат Казакпаевдин өлүмү тууралуу пикирин айтты.

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиев интервью берип жатып Алмазбек Атамбаев абакта ушундай шартта жатканы үчүн азыркы бийликке ыраазы деп айткан. Журналист ушул айтканы туурабы деген суроо узаткан.

"Мени болбогон ар кандай кылмыш иштери боюнча абакта камап жаткандар менден ыраазычылык күткөнү кызык. Шартым жаман эмес. Бирок түрмө бул түрмө. Эгер бийликтегилердин кимдир бирөө менин камерамды жактырса, мен кубануу менен орун алмаштырам.

Менин ишимди чечкен Ташиев эмес да. Прокуратура, соттор президентке баш ийет. Ал эми Ташиев чын эле жолугушууларда өзүн адамдай алып жүрчү. Анан дагы мага жардам бергиси келерин айткан. Бул үчүн ага жеке ыраазычылык билдирем",- деп айткан ал.

Мурунку президент ким тараптан коркунуч туулуп жатканы тууралу да айтты.

"Бийлик тараптан мага коркунуч бар. Бийлик, ИНСтин кызматкерлери омурткама жаракат келтиришти. Оорума карабай кыйнап суракка алып барып жатышса бул кыйноо эмес, анан эмне", - деген.

Андан сырткары Бакыт Асанбаев менен Марат Казакпаевдин УКМКнын СИЗОсунда каза болгону боюнча пикирин айтты.

Мен Маратты жакшы таанычумун. Экөөнө тең өкүнүчтүү. Менимче, Марат Казакпаевдин өлүмүнө тергөөчүлөр, прокурорлор, соттор күнөөлүү. Анткени ден соолугунун начардыгына карабай, бир жылдан ашык убакыттан бери камакта отура берген. Алар дароо жоопко тартылбаса, буйрук бийликтен келген делип кабыл алынып калат.

Бакыт Асанбаевдин өлүмү боюнча да суроолор көп. Бул жерде жеке Ташиев анын өлүмүнө таптакыр кызыкдар эмес деп ишенем. Бирок, бул учурда да абдан кылдаттык менен караш керек. СИЗОдогу өлүмдөрдү иликтеген комиссиянын курамына каза болгондордун жакындары киргенин туура деп эсептейм.

Атамбаев журналисттин аны зындандарда узакка кармоо үчүн кандайдыр бир сценарий барбы деген суроосуна "албетте бул айдан ачык" деп жооп берген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7206