Түн ичинде сабалган жигит жана аны коргогон кыздар аныкталды
RU

Түн ичинде сабалган жигит жана аны коргогон кыздар аныкталды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте топ балдардын ур-тепкисине калган жигит жана аны коргоого аракет кылган кыздар аныкталды. Свердлов РИИБдин маалымат кызматынан Kaktus.kg`ге билдиришкендей, жабыркагандар арыз жазуудан баш тартышты.

Окуя 12-июлга караган түнү I-Mall соода борборунун жанында катталган. Анда белгисиз балдар бир жигитти тепкилегенин, сабалып жаткан баланын үстүнө бир кыз жатып алып коргогон видеосу тараган. Жерине милиция кызматкерлери барышып уруштун катышуучуларын таппай калышкан. Бул факты каттоого алынып, алдын ала териштирүү иштерин башталган.

Бүгүн, 13-июлда жабыркагандар табылды. Алар 21 жаштагы Э.М., 20 жаштагы Д.А. жана 18 жаштагы Ж.А. экени белгилүү болуп, арыз жазуудан баш тартышты.

Эки тараптып ортосунда пикир келишпестиктен улам жаңжал чыкканы аныкталды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7515