Бишкекте ур-тепкиге алынган жигитти кыз калкалады. Милиция териштирүүнү баштады
RU

Бишкекте ур-тепкиге алынган жигитти кыз калкалады. Милиция териштирүүнү баштады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте түн ичинде топ балдар бир жигитти ур-тепкиге алышты. Окуя тууралуу видеону социалдык тармактын колдонуучусу жарыялап, бул көрүнүш 12-июлга караган түнү катталганын белгилеген. Видеодон сабалып жатканын баланын бир кыз калкалап жатканын көрүүгө болот.

Бул факты боюнча сотко чейинки тергөө иштери башталганын Ленин РИИБдин маалымат кызматынан кабарлашат.

Милициянын нөөмөт бөлүмүнө борбор калаадагы соода борборунун жанында балдар мушташып жатат деген билдирүү түшкөн. Ыкчам тергөө тобу жерине барганда эч ким жок экени аныкталган.

Бул факты каттоого алынып, сотко чейинки тергөө аракеттери башталды. Учурда жаңжалдын катышуучуларын аныктоо жана кармоо боюнча амалдар көрүлүп жатканы белгилүү болду.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/7498