Жең ичинен сүйлөшүп алган. Талас университетинин ректору коррупцияга шектелүүдө (видео)
RU

Жең ичинен сүйлөшүп алган. Талас университетинин ректору коррупцияга шектелүүдө (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Талас мамлекеттик университетинде коррупциялык схема аныкталды. Аталган окуу жайдын жетекчиси бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдаланган дешет УКМКнын маалымат кызматынан.

"Талас мамлекеттик университетинин ректору У.А.Ш. жана башкы эсепчиси К.Г.Ж. 2021-2022-жылдар аралыгында окуу жайдын кызматкерлерине 7 миң сом өлчөмүндө акчалай сыйлыктарды (жетекчиликке кайра 6 миң сомдон берүү шарты менен) ыйгарып турган. Мындан тышкары аталган адамдар жеке ишкерлер менен жең ичинен сүйлөшүп алып, университеттин окуу корпусун оңдоо үчүн курулуш материалдарын сатып алууга тендер өткөрүп, андан кийин акча каражаттарынын бир бөлүгүн өздөрүнө чегерип алышкан. Ректор окууга кабыл алуу комиссиясынын жооптуу катчысы Т.Т. менен макулдашып мамлекеттик жана университетке кирүү экзамендерин тапшыруу учурунда студенттерден жана абитуриенттерден системалуу түрдө акча чогултуу менен алектенген", - дешет мекемеден.

Ыкчам иликтөө иш-чараларынын алкагында жогорудагы адамдардын иштеген жана жашаган жери боюнча издөө иш-чаралары жүргүзүлүп окуу жайдын ректору убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда жогорудагы мыйзамсыз фактылар боюнча бардык жагдайларды иликтөө жана келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8134