Алтын өндүрүүчү компаниянын жетекчиси Сосновка постунан кармалды
RU

Алтын өндүрүүчү компаниянын жетекчиси Сосновка постунан кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жалал-Абадда алтын өндүрүүчү компаниянын жетекчиси коррупцияга шектелип кармалды. УКМКнын маалымат кызматынан билдиришкендей, ал алтынды мыйзамсыз ташып жатканда колго түшүрүлдү.

Такталгандай, "О.Т." фирмасы алтынды казып алуу максатында лицензиялык аянттын чек арасын бузуп, кийинчерээк оор жүк ташуучу унааларды токтотуучу жай катары колдонушуп, мамлекетке экологиялык жана экономикалык зыян келтиргендиги аныкталды. Мындан сырткары "О.Т." компаниясынын кызматкерлери тарабынан мыйзамсыз казылган алтынды ташуу жана сатуу аракети аныкталып ал ишине бөгөт коюлду. 26-августта Сосновка постунда Lexus GX 470 унаасы токтотулган. Анда аталган компаниянын жетекчиси жана анын кызматкерлери 1,5 килограммга жакын мыйзамсыз казылган алтынды алып бара жатышкан.

Бул факты боюнча 336-берененин 2-бөлүмү (Коррупция) менен Чаткал районунун жооптуу кызматкерлерине кылмыш иши козголду. Ал эми алтын казган компаниянын башкы директору Д.Т.Э. кармалды. Учурда тергөө иштери уланууда

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8105