Аялын өлтүргөн деп абакка кесилген инспектордун окуясы: Кесиптештерине карата иш козголду
RU

Аялын өлтүргөн деп абакка кесилген инспектордун окуясы: Кесиптештерине карата иш козголду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Таласта аялын өлтүргөнгө айыпталып 12 жарым жылга эркинен ажыратылган инспектордун окуясы боюнча дагы бир берене менен кылмыш иши козголгон. Облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, учурда тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

Башкармалыктан билдиришкендей, 2021-жылы 29-декабрга караган түнү саат 00:03дө инспектор үйүнүн короосунда келинчегин ур-тепкиге алган. Андан кийин саат 02:03 чамасында үйгө инспектордун кесиптештери облустук жол кыймылынын коопсуздук кызматкерлери - У.М., А.К., С.Д. жана анын жубайы Ж.Н. келишкен. Алар сабалган келинди оор абалда калтырып, саат 03:44 чамасында аталган даректен кетишкен.

Аталган факты боюнча 10-август күнү 145-берене (жардам көрсөтпөй коюу) менен Талас шаардыкн прокуратурасы тарабынан кылмыш иши козголуп, тергөө аракеттерин жүргүзүү үчүн 15-августта Талас ШИИБге жиберилген. Азыркы учурда кылмыш иши боюнча териштирүү иштери жүргүзүлүп жатканын маалымдайт облустук милициядан.

Белгилей кетсек, окуя 2021-жылы 29-декабрында болгон. Анда 1992-жылы туулган келиндин каза болуп, денесин кароо учурунда уур-токмоктун издери бар экени такталган. Кийинчерээк кылмышка шектелип маркумдун күйөөсү кармалган. Шектүү 1988-жылы туулган Ж.А., Талас ОИИБнин жол кайгуул кызматкери экени белгилүү болгон.

Кылмыш иши боюнча тиешелүү материалдар 18-майда соттун кароосуна жиберилген. 26-августта Талас шаардык соту шектүүнү 122-берененин 2-бөлүгүнүн 7-пункту менен (адам өлтүрүү) күнөөлүү деп таап, эркинен ажыратты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8211