"Башкадан төрөгөнүн айткан". Аялын сабап өлтүргөн деген милициянын апасы кайрылуу жасады
RU

"Башкадан төрөгөнүн айткан". Аялын сабап өлтүргөн деген милициянын апасы кайрылуу жасады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Таласта жол кайгуул кызматынын кызматкери аялын өлтүргөнгө шектелип кармалган. Окуя катталгандан 8 ай өткөндөн кийин инспектордун аялын ур-токмокко алган видеосу тарады. Көп өтпөй эле каза болгон келиндин жакындары окуя тууралуу айтышып, күнөөлүү жак тосмо арыз жазгыла деп коркутканын билдиришкен.

Кийинчерээк шектүү кызматкердин апасы видео кайрылуу жасап, уруш эмнеден чыкканын айтты.

"Баламдын намысын, келинимдин абийирин ойлоп ушул убакка чейин жаап-жашырып келгем. Бирок кудам президентке кайрылуу жасагандан кийин чыдап отура алган жокмун. Балам атайын өлтүрөйүн деген эмес. Ошол күнү келиним кеч барып экөө сөз менен уруша кетишкен. Келиним мастык менен "бала сеники эмес, сенден төрөгөн эмесмин" дегенде уулум ачуулукка алдырып уруп салган, кокустук болду", - дейт ал.

Айтымында, келин башка эркектер менен мамиле курган. Буга далил катары алардын СМС-каттар аркылуу жазышкандары, видеолору бар дейт.

Келиним 11-классты бүтүп эле бүлө болуп келген. Жогорку окуу жайга окутканбыз, айдоочулук күбөлүк, унаа алып бергенбиз. Өзүнчө жашачу. Балам эч нерседен кем кылбай карап, жакшы эле жашап жатышкан. Акыркы окуяга чейин дагы бир жагдайлар болгон. 5-6 жыл мурда балам телефон чалып "аялым менен жашабайм" деди. Мен үйүнө эжемди алып барсам келиним бутуна тура алгыс мас экен, "шеринеден сыра ичкенбиз, ошого эле мас болуп калдым" деди мага. Балама ичип коюптур эми дегенимде "нөөмөттө турганда чалсам албайт, бир жарым саат бою жооп бербегенинен үйгө келсем бир эркек менен жазышып жатыптыр" деп калды. Мен кудагыйымды чакырттым, ал абысыны менен келди (2 сааттан кийин). Кудагыйым кызынын мас экенин көрүп аны жаакка чапты. Бул окуядан кийин "Балам жашабайм дейт кызыңарды алып кетесиңерби" десем келиним этегимди кучактап кечирим сурап, экинчи кайталанбай турганын айтты. Кудагыйым да "кызым жашайм десе алып кетпейм" деди".

Шектүүнүн апасы мындан башка дагы окуялар болгонун, айрымдарын жакында эле билгенин кошумчалады.

"2 жылдан ашыптыр, кудагыйым менен кудача келинимдин башка эркек менен мамиле куруп жүргөнүн билишчү экен. Кызын тыйганы менен ал укпаптыр. Энесин укпаган кыз менин баламды угабы?", - дейт.

Апа өз кайрылуусунда кудалары аткаминерлер, биринчи айым Айгүл Жапарова менен тааныш-билиштиги бар экенин айтышканын билдирди. Ал окуяны бир эмес эки тараптуу кароону суранат.

Окуя 2021-жылы 29-декабрда болгон. Анда 1992-жылы туулган келиндин каза болуп, денесин кароо учурунда уур-токмоктун издери бар экени такталган. Кийинчерээк кылмышка шектелип маркумдун күйөөсү кармалган. Шектүү 1988-жылы туулган Ж.А., Талас ОИИБнин жол кайгуул кызматкери экени белгилүү болгон.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8000