Таласта аялын өлтүргөнгө шектелген инспекторго сот өкүм чыгарды
RU

Таласта аялын өлтүргөнгө шектелген инспекторго сот өкүм чыгарды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Таласта аялын өлтүргөнгө шектелген жол кайгуул кызматынын инспекторуна сот өкүм чыгарды. Облустук соттун басма сөз кызматынан Kaktus.kg`ге кабарлашкандай, айыпталуучу 12 жылдан ашык убакытка эркинен ажыратылды.

"26-августта Талас шаардык соту Ж.А.К`ны 122-берененин 2-бөлүгүнүн 7-пункту менен (адам өлтүрүү) күнөөлүү деп таап, 12 жыл 6 айга эркинен ажыратты. Анын үй-мүлкү конфискацияланган жок. Айыпталуучу жазасын жалпы тартиптеги түзөтүү абагында өтөйт", - дешти соттон.

Белгилей кетсек, окуя 2021-жылы 29-декабрында болгон. Анда 1992-жылы туулган келиндин каза болуп, денесин кароо учурунда уур-токмоктун издери бар экени такталган. Кийинчерээк кылмышка шектелип маркумдун күйөөсү кармалган. Шектүү 1988-жылы туулган Ж.А., Талас ОИИБнин жол кайгуул кызматкери экени белгилүү болгон.

Кылмыш иши боюнча тиешелүү материалдар 18-майда соттун кароосуна жиберилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8129