"Аракеттерим текке кетерине көзүм жетти". Алтынбек Сулайманов кызматын тапшырды
RU

"Аракеттерим текке кетерине көзүм жетти". Алтынбек Сулайманов кызматын тапшырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Сулайманов өз каалоосу менен кызматын тапшырды. Бул туурасында президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.

Алтынбек Сулайманов кызматтан кетүүгө бүгүнкүдөй башкаруу себеп болгонун айтты.

"Мен дайыма өлкөбүздүн аймактык башкаруусун түп-тамырынан реформалоону сунуштап келгем. Ар дайым жергиликтүү бийликтин ишин сындап, губернаторлор, акимдер, айыл өкмөттөр толук кандуу иш жүргүзө албай жатканын да айтып келгем. "Ат баспайм деген жерин миң басат" дегендей, тагдыр буйруп өзүм губернатор болуп калдым. Жергиликтүү бийликтин ишин жон терим менен сезип, ичинен көрдүм. Жергиликтүү бийликте бүгүнкүдөй башкаруу болуп турганда, элетте эч кандай өнүгүү болбосуна көзүм жетти. Жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийлиги олуттуу реформага муктаж. Борбордук башкарууну децентрализациялоо керек. Мен саясатчы, сөзүнө бек турган инсан катары ар бир баштаган ишимди аягына чыгарууга аракеттенип келем. Мындай жергиликтүү башкаруу системасы иштеп турганда аракеттерим текке кетерине көзүм жетти. Ошондуктан мен Ысык-Көл элинин да, өзүмдүн да убактымды кетирбей, өз каалоом менен кызматымды тапшырууну чечтим", - деп айтылат анын билдирүүсүндө.

Алтынбек Сулайманов ушул жылдын 24-февралында президенттин Ысык-Көл облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү болуп дайындалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8619