Каржы министринин орун басары президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлү болду
RU

Каржы министринин орун басары президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлү болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү болуп Илияз Иманбетов дайындалды. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирип, тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койгонун маалымдады.

Илияз Иманбетов буга чейин каржы министринин биринчи орун басары болуп иштеп келген.

Эске салсак, бир күн мурда Алтынбек Сулайманов сегиз ай ичинде аткарган иштери боюнча отчётун берип, кызматтан кетүү боюнча арыз жазган. Бүгүн, 28-сентябрда президент Алтынбек Сулаймановду кызматтан расмий бошотту.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8641