Садыр Жапаров Сулаймановду кызматтан бошотуу боюнча жарлыкка кол койду
RU

Садыр Жапаров Сулаймановду кызматтан бошотуу боюнча жарлыкка кол койду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Алтынбек Сулайманов президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү кызматынан бошотулду. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Тийиштүү жарлыкка бүгүн, 28-сентябрда Садыр Жапаров кол койду.

Эске салсак, бир күн мурун Алтынбек Сулайманов элчиликтин сегиз ай ичинде аткарган иштери боюнча отчетун берүү учурунда кызматтан кетүү боюнча арыз жазганын билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8642