"Кошоматчылардын табияты туруксуз". Чыңгыз Айдарбеков Эдил Байсаловдун сынына жооп берди
RU

"Кошоматчылардын табияты туруксуз". Чыңгыз Айдарбеков Эдил Байсаловдун сынына жооп берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Чыңгыз Айдарбеков эл аралык иштер, коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагалыгынан кетүүгө даяр экендигин билдирди.

"Делимитация - өтө сезимтал маселе. Боордош мамлекеттер менен кызматташтыгыбызды бекемдешибиз керек. Чечимдер эки тарапка тең пайда алып келиши керек. Илгертен бери коңшу эл менен сууну бөлүшүп келебиз. Өзбекстандын президенти Шавкат Миромонович акылдуу, даанышман инсан. Анын мөөнөтүндө Өзбекстан чоң жетишкендиктерге жетти. Бирок кеп коңшу өлкөдө эмес, маселе ичибизде, мамлекетибизде. Депутаттардын өзгөчө макамы бар, сый-урмат менен мамиле болушу керек. Өткөн аптада өкмөт бизге келишим долбоорун алып келип, макулдук бергиле, жактырылсын деп сурашты. Кагаздар толук берилген жок, бул боюнча бир топ ирет айттым. Бизди шаштырышты. Мен жыйында барын регламенттин негизинде алып бардым. Кечинде кворум болду. Мен сиздер менен акылдашып, мамлекетибиз үчүн, элибиз үчүн ээлеген төрагалыктан өз ыктыярым менен тынч кетейин деп чечтим.

Бирок кечээ бир адам коомго кайрылып, мени далилсиз айыптады. Адилетсиз жамандады, намыска тийди. Кылыч жарасы бүтөт, тил жарасы бүтпөйт. Мен жооп бербесем болбойт, урматтуу депутаттар. Аткаруу бийликтин өкүлү шайланган депутатка саясий баа берип жатат. Муну кандай түшүнсө болот? Биз кайсы мамлекетте жашайбыз? Элдин өкүлүнө одоно мамиле жасап жатат. Бул мамлекеттик кызматкердин сабатсыздыгы", - деди ал.

Чыңгыз Айдарбеков бир күн мурда президент Садыр Жапаров менен жолугуп, пикир алышканын да кошумчалады. "Сиздин диалогго дайыма даяр экениңизге күбө болдум. Кандай болсо да бул чечим тарыхта калат. Мамлекет үчүн барыбыз күйүп турабыз. Тең салмактуу чечим кабыл алынат деп ишенем. Кошоматчылардын табияты туруктуу эмес. Бүгүнкү кошоматчылар, эртеңки саткындар", - деп кошумчалады.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8937