Өзбекстандын президенти Кыргызстанга келет
RU

Өзбекстандын президенти Кыргызстанга келет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстанга мамлекеттик сапар менен келет. Бул тууралуу тышкы иштер министринин орун басары Нуран Ниязалиев маалымат жыйынында билдирди.

Жолугушуунун так датасы белгисиз. Бул эки президенттин иш графигинен көз каранды экенин белгилешти.

"Учурда Шавкат Мирзиёевдин Кыргызстанга сапарынын мөөнөтү такталууда. Сапарды уюштуруу оңой эмес, уюштуруучулук жана мазмундук бөлүктөрүн иштеп чыгуу зарыл. Биздин министрликтер бир катар эки тараптуу келишимдерди даярдап жатышат, ошондой эле бул иш-чараны уюштуруу иштери жүрүп жатат. Экономикалык блок тарабынан өзбек тарапка сунуштоо үчүн инвестициялык долбоорлор даярдалууда. Сапарды уюштуруу эки президенттин иш графигинен көз каранды", - деди тышкы иштер министринин орун басары.

Маршруткалардын иш таштоосу (193 статьи)
Евро көтөрүлүп жатат. 28-октябрдагы валюта курсу
28 Октябрь 2022, 13:49
Москвада Орозайым Нарматова менен активист Илгиз Шаменов кармалды
28 Октябрь 2022, 12:27
"Өлтүрүп салгыла" деди". Сабалган журналист окуянын чоо-жайын айтып берди
28 Октябрь 2022, 12:11
Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/8926