Жыйында айтышкан депутат Ак үйдөгү кабинетинен куулду
RU

Жыйында айтышкан депутат Ак үйдөгү кабинетинен куулду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров Ак үйдөгү кабинетинен куулду. Эл өкүлүнүн жардамчысынын айтымында, бул учурда Бакиров Жогорку Кеңештин имаратында болгон эмес.

"Бакиров 7-кабаттагы иш бөлмөнүн биринде отурчу. Ал мурдагы чакырылышта да ушул кабинетте отурчу, себеби фракция лидери болгон. 18-ноябрда администрация кызматкерлери келишип Бакировдун уруксаты жок эле буюмдарын чыгарышты. Кабинетти ачып киришти", - деди.

Өмүрбек Бакиров азырынча президенттин иш башкармалыгы ага кандай иш бөлмө берери белгисиз экенин айтат.

Бакировду кабинеттен чыгаруу чечимин президенттин аппараты кабыл алган.

Белгилей кетсек, 17-ноябрда парламентте кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча келишимди, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу келишимди карап, жактырды. Маселе каралып жатканда Ташиев менен Бакиров кайым айтыша кетишкен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9330