Жогорку Кеңеш Кемпир-Абад боюнча келишимди жактырды
RU

Жогорку Кеңеш Кемпир-Абад боюнча келишимди жактырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңеште депутаттар кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча келишимди үч окууда жактырды.

Биринчи окууда 64 депутат макул деп добуш берсе, каршы чыккандар 19 болду. Экинчи окууда макул деп 62, каршы деп 21 эл өкүлү добуш берди. Үчүнчү окууда 64 депутат макул деп добуш берип, 19у каршы деди.

Жалпы 82 депутат добуш берүүгө катышты.

Ал эми Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу боюнча келишим долбоорун 64 депутат колдоп, 18и каршы чыкты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9312