Жогорку Кеңеште кайым айтышкан, мушташам деп билегин түргөн чиновниктер. Видео
RU

Жогорку Кеңеште кайым айтышкан, мушташам деп билегин түргөн чиновниктер. Видео

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаттары кыргыз-өзбек чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча келишимди, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычын биргелешип башкаруу келишимин жактырды.

Парламенттеги жыйындын жүрүшү кайым айтышуулар, талашып-тартышуулар, атүгүл бири-бири менен мушташа кетейин деген окуялар менен коштолду.

Алсак, жыйында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев менен депутат Өмүрбек Бакиров кайым айтыша кетишти. Спикер аларды айтышууну токтотууга чакырды.

Андан соң депутат Фархад Исмаилов Ташиевге болушуп кесиптеши Өмүрбек Бакиров менен мушташып кете жаздады.

Атайын кызматтын төрагасы депутат Адахан Мадумаров менен да тартыша кетти. Айтышууга Адахан Мадумаровдун колун жаңсап жатканы себеп болду. Депутаттын колун көтөргөнү Ташиевге жакпай "колуңузду түшүрүп сүйлөңүз, билесиз да, мен колуңуз боюнча бир нерсе айтып коём" деди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9316