Эмил Жамгырчиев эмгек өргүүсүнө чыгууга эмне себеп болгонун айтты
RU

Эмил Жамгырчиев эмгек өргүүсүнө чыгууга эмне себеп болгонун айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Жогорку Кеңештин депутаты Эмил Жамгырчиев эмгек өргүүгө чыкканы парламентте белгилүү болгон. Депутат бүгүн, 14-декабрда эмгек өргүүгө чыгууга саламаттыгы себеп болгонун айтты.

"Акыркы күндөрү коомчулукта мен тууралуу ар кандай пикирлер айтылып жатканына байланыштуу өзүм маалымат берип коюуну туура көрдүм.

Ата-эне баарыбыз үчүн өтө кымбат адамдар эмеспи, учурда үй-бүлөлүк шартка байланыштуу жана ден соолугум да кескин начарлап кеткендиктен эмгек акы сакталбаган өргүүгө чыгуу жөнүндө Жогорку Кеңештин төрагасына расмий кат менен кайрылгам.

Мен үчүн кабатыр болгон бардык замандаштарыма ыраазычылык билдирем", - деп жазат ал.

Эске салсак, депутат Жанар Акаев Эмил Жамгырчиевдин үйүнөн жана унаасынан аудио-видео жазуучу жабдыктар табылганын, өзү белгисиз болуп жатканын айткан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/9604