Бишкекте бир нече мектептерде окуучулар эвакуацияланды
RU

Бишкекте бир нече мектептерде окуучулар эвакуацияланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте №33 мектептин окуучулары эвакуацияланды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына окуучулардын ата-энелери билдиришти.

Алардын айтымында, окуя болгон жерге милиция кызматкерлери келип, мугалимдер окуучуларды мектептеги буюмдары жок алып чыгышкан, алар кийинүүгө гана үлгүрүшкөн.

"Мугалимдерден кабар эртең мененки саат 10дор чамасында түшкөн. Алар тез арада балдарды мектептен алып кетүүнү суранышты", - дешет ата-энелер.

Ал эми ИИМден №33 мектептин окуучулары эвакуацияланганын тастыкташып, №63 орто мектебинде, "Илим" жеке мектебинде жана Айтматов атындагы түрк лицейинде да эвакуация жүрүп жатканын кошумчалашты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10000