"Алай" футболдук клубуна жаңы жетекчи дайындалды
RU

"Алай" футболдук клубуна жаңы жетекчи дайындалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Алай" футболдук клубуна Кабылбек Укулов жетекчи болуп дайындалды. Ошондой эле ал А.Суюмбаев атындагы Ош шаардык стадионго директор болгонун Ош шаардык мэриясынан кабарлашат.

Маалымдалгандай, тиешелүү буйрукка мэр Бакытбек Жетигенов кол койду. Жаңы жетекчи эмгек жамаатка тааныштырылды.

Кабылбек Укулов буга чейин Ош шаарынын мэриясынын ички аудитору болуп иштеп келген. Эмгек жолунда бир катар муниципалдык ишканаларда орун басарлыкты аркалап жана каржы тармагында эмгектенген. Ошондой эле ал футболдун ардагери.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10001