Кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол коюлду
RU

Кыргыз-тажик чек арасы боюнча протоколго кол коюлду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Дүйшөмбү шаарында кыргыз-тажик чек арасын тактоо жана белгилөө боюнча топографиялык топтордун кезектеги жолугушуусу өттү. Бул туурасында бүгүн, 20-январда Министрлер кабинетинен маалымдашты.

Тараптардын жетишилген макулдашууларына ылайык, Дүйшөмбү шаарында Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун кезектеги жолугушуусу орун алды.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тийиштүү протоколго кол коюлду.

Тараптардын кезектеги жолугушуусу Кыргыз Республикасында өтөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10003