Бишкекте Нооруз майрамы өткөрүлбөйт
RU

Бишкекте Нооруз майрамы өткөрүлбөйт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектин мэриясы быйыл Нооруз майрамын майрамдабайт. Бул тууралуу борбордук муниципалитеттин басма сөз кызматы кабарлады.

Берилген маалыматка ылайык, борбор шаарда массалык иш чараларды өткөрүүгө тыюу салынды.

"Мамлекеттик санитардык-эпидмиологиялык көзөмөл борборунун билдирүүсү боюнча, Бишкекте 2021-жылдын январь айынан тартып 18-мартка чейин коронавирустук инфекцияга жана ооруканадан тышкаркы пневмонияга туш болду деп 2 551 адам катталды.

Коңшу өлкөлөрдөгү коронавирустук инфекцияга байланыштуу туруксуз эпидемиялык абалды эске алуу менен оорунун жайылуусун алдын алуу максатында, Бишкек шаарынын аймагында массалык иш чаралардан баш тартуу чечими кабыл алынды.

Белгилей кетсек, Бишкектин саламаттыкты сактоо башкармалыгы балдар арасында Курч респиратордун вирустук инфекциянын симптомдору менен кайрылгандар бир жарым эсеге жогорулады деп билдирген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/1000