УКМКнын Оштогу башкармалыгынын тергөөчүсү ири өлчөмдө пара алганга шектелип кармалды
RU

УКМКнын Оштогу башкармалыгынын тергөөчүсү ири өлчөмдө пара алганга шектелип кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын Оштогу башкармалыгына ИИМдин атайын отряды кирип барышты. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына укук коргоо органдарынан билдиришти.

Алардын маалыматы боюнча, бүгүн, 20-январда ИИМдин атайын багытынын 20га жакын кызматкери УКМКнын Ош облусу боюнча башкармалыгынын имаратына кирип барышкан.

Алдын ала маалыматтарга караганда, өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылган деген шек менен УКМКнын облустагы тергөөчүсүн кармоо аракети жүрдү.

Кийинчерээк Башкы прокуратурадан УКМКнын тергөөчүсү пара алып жатканда кармалганын кабарлашты.

Маалымдалгандай, 19-январда Башкы прокуратурага О.А. аттуу жаран УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын Т.Ы. аттуу тергөөчүсүнө жана аталган башкармалыктын башка кызмат адамдарына карата чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

Ал козголгон кылмыш ишин кыскартуу үчүн жогоруда аталган кызматкерлер 20 миң доллар пара талап кылышкандыгын айткан.

Арыздын негизинде Башкы прокуратуранын Тергөө башкармалыгы тарабынан 343-беренеси ("Өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу") боюнча кылмыш иши козголгон.

Бүгүн, 20-январда Башкы прокуратура тарабынан УКМКнын Ош шаары жана Ош облусу боюнча башкармалыгынын имаратында тергөөчү Т.Ы. 15 миң доллар пара алып жаткан учурда кармалды.

Азыркы тапта бул иш боюнча башка кызмат адамдарынын кылмышка катыштыгы бар экендигин аныктоо максатында ыкчам-иликтөө иш-чаралары жана тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Аталган иш-аракет Башкы прокуратуранын, УКМКнын жана ИИМдин жетекчилеринин көзөмөл, укук коргоо органдарындагы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган кызматкерлерди тазалоо боюнча макулдашуусунун алкагында жүргүзүлгөнүн кошумчалашты прокуратурадан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10011