Таласта жаңы жыл алдында күрөөканадан акча уурдалган. Шектүү кармалды
RU

Таласта жаңы жыл алдында күрөөканадан акча уурдалган. Шектүү кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Таласта жаңы жыл алдында күрөөканага кирип уурулук кылган деген шек менен 39 жаштагы жаран кармалды. Облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашкандай, шектүү акчаны коротуп салган.

Маалымдалгандай, Талас шаарынын тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Анда 2022-жылдын 31-декабрь күнү саат 09:30 чамасында "Азамат" күрөөканасына белгисиз адамдар кирип 101 635 сом акчасын уурдап, ичин чачып кеткени айтылган.

Бул билдирүү каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган.

Тергөөнүн жүрүшүндө шектүү катары 1983-жылы Ысык-Көл облсунун Түп районунда туулган А.Н. кармалып, акчаларды өз кызыкчылыгына коротуп салгандыгы аныкталган.

Аталган факты боюнча 205-берене менен кылмыш иши козголуп, шектүү камакка алынды.

Азыркы учурда тиешелүү тергөө жана иликтөө иштери уланып жатканын кошумчалашты милициядан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10018