Бишкекте кырсыкка кабылган унаа экиге бөлүнүп кетти (видео)
RU

Бишкекте кырсыкка кабылган унаа экиге бөлүнүп кетти (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте кырсыкка кабылган унаанын тамтыгы чыгып, бөлүнүп калды. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына окуянын күбөлөрү билдиришти.

Алардын айтымында, 21-январь күнү саат 23:30 чамасында А.Токомбаев көчөсүндө (Түштүк магистраль) Kia Sorento унаасынын айдоочусу катуу ылдамдыкта келе жатып, рулду башкара албай калган. Унаа жарнак мамысын сүзүп, экиге бөлүнүп кеткен.

Алдын ала маалыматтар боюнча, каза болгондор жана жабыркагандар бар. "Тез жардам" унаасы бир адамды алып кетип, бир кызга медициналык жардам көрсөтүлдү. Азырынча жабырлануучулардын так саны белгисиз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10020