Ошто 6 жашар кыздын денеси муздун алдынан табылды
RU

Ошто 6 жашар кыздын денеси муздун алдынан табылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ош облусунда тоңуп калган муздун алдынан 6 жашар кыздын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан 22-январда кабарлашты.

Такталган маалымат боюнча, Алай районундагы Чоң-Бүлөлү суусунун жээгиндеги тоңгон муздун астына 6 жаш Д.А. аттуу кыз чана тээп жатып кирип кеткен.

Жерине куткаруучулар, милиция кызматкерлери жана жергиликтүү тургундардан 30 адам тартылып, кыздын жансыз денесин муздун астынан чыгарышып, туугандарына өткөрүп беришти.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10023