Бишкекте дагы 3 мектеп аралыктан окутууга өттү
RU

Бишкекте дагы 3 мектеп аралыктан окутууга өттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте дагы 3 мектепте бүгүн, 23-январдан баштап окуу процесси онлайн болот. Маалыматты Kaktus.media сайтына калаа башкармалыгынан билдиришти.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборунун сунушу менен №78, 81, 96 мектептер онлайн окутууга өткөрүлдү. Алдын ала маалымат боюнча, балдар ушул аптада үйдөн окушат.

Өткөн аптада катуу сууктан улам өлкөнүн аймактарындагы бир катар мектептер онлайн окутууга өткөн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/10036